КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-5
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколунун кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын отрумунун протоколунун кароо жөнүндөгү маселедеги: Айыл өкмөтүнүн: 1). 15.02.2024-жылдагы, “Сүрөттүү-Таш участкасындагы муниципалдык менчиктеги 237,0 чарчы метр жер тилкесин “Комерциялык” багыттан “Турак-жай” багытына өзгөртүүгө жана аны биринчи тайпадагы майып Киргизбаев У.О.га турак-жай курууга макулдук берүүнү суранган”, чыгыш № 301-сандуу; 2). 27.01.2024-жылдагы, “Коммунист айылындагы Бөрүбай-Ата көчөсүндө жайгашкан 300,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алып, үч балалуу жалгыз бой эне Алимжанова Д.С.га турак-жай курууга берүүнү суранган”, чыгыш № 160 сандуу; 3). 30.01.2024-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү 22,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү” чыгыш № 161-сандуу жана 4). 16.02.2024-жылдагы, “Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасындагы 110,0 чарчы метр жер тилкесин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү”, чыгыш № 321-сандуу кайрылуу каттары боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.02.2024-жылдагы отурумунун № 2-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.02.2024-жылдагы отурумунун № 2-протоколу бекитилип:
1. Сүрөттүү-Таш участкасынын башкы планындагы, муниципалдык менчиктеги 237,0 чарчы метр жер тилкесин “Комерциялык” багыттан “Турак-жай” багытына өзгөртүүгө жана аны биринчи тайпадагы майып Киргизбаев Умар Одилжановичке турак-жай курууга макулдук берилсин.
2. Коммунист айылындагы Бөрүбай-Ата көчөсүндө жайгашкан 300,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, Коммунист айылынын тургуну, үч балалуу жалгыз бой эне Алимжанова Дилфуза Собировнага турак-жай курууга макулдук берилсин.
3. Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасындагы 110,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
4. Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан 22,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
5. Бул чечимди бекитип берүү жагы, айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
6. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |