КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-6
Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого)
сунуштоо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы күн тартибиндеги: “Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) сунуштоо жөнүндө”, айыл өкмөтүнүн 30.01.2024-жылдагы, чыгыш № 182 - каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы отурумунун № 2-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.02.2024-жылдагы отурумунун № 2- протоколу бекитилип:
1. “Кызыл-Кыштак айылынын аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасына жол куруу үчүн “айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан 0,50 га жер аянтын “өнөр-жай, транспорт, байланыш” категориясына которуу сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин , “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |