КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-7
Үлүш жерди мамлекеттик фонддун жерине которуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы күн тартибиндеги: “Үлүш жерди мамлекеттик фонддун жерине которуу жөнүндө”, айыл өкмөтүнүн 30.01.2024-жылдагы, “Кызыл-Байрак айылынын тургуну Б.Н.Кадырбековдун 1,0 га үлүш жеринен суу чыгып иштетүүгө жараксыз болуп калгандыгына байланыщтуу, мамлекеттик фондунун, азыркы күндө өзү иштетип жаткан 1,0 га жер тилкесине жылдырып берүүнү суранаган” чыгыш № 161 – сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-февралындагы отурумунун № 2-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.02.2024-жылдагы отурумунун № 2- протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Байрак айылынын тургуну Кадырбеков Белек Наматиилаевичтин 1,0 га үлүш жеринен суу чыгып иштетүүгө жараксыз болуп калгандыгына байланыщтуу азыркы күндө өзү иштетип жаткан мамлекеттик фондунун жеринин ижара мөөнөтү бүткөндө каралсын.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин , “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |