Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезексиз XXVIII сессиясы
2024– жылдын 16-февралы № 28-9
Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы № 65-М.Сабиров атындагы мектептин территориясынын аянтын бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы, “№ 65-М.Сабиров атындагы профилдик мектеп-гимназия директору Д.Т. Махмудовдун, аталган мектеп 1977-жылы курулгандыгы, бирок азыркы күнгө чейин мектептин мамлекеттик актысы (көк китеби) жоктугунан, ушул маселени чечип берүүнү суранган” чыгыш № 529 - сандуу билдирүүсү боюнча, Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXVIII сессиясы, карап, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы № 65-М.Сабиров атындагы профилдик мектеп-гимназия комплексинин территориясынын аянты азыркы абалы боюнча - 2,20 га болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин , “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |