Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-декабры № 718
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин, 47-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 22-пунктта:
үчүнчү абзац "каралган негиздер боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда белгиленген негиздер боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Адамдын ушул Жободо жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бирине ылайык келбегендиги улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка алуудан баш тартууга, ошондой эле аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз болот.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 291-пункт менен толукталсын:
"291. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу иш-чараларын уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамга ылайык аныкталат.
Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлер психофизиологиялык, медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфтык изилдөөдөн, ошондой эле кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтөт, аларды өтүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 331-пункт менен толукталсын:
"331. Улуттук коопсуздук органдарында контракттын формасы жана шарттары, аны түзүү, узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 371-пункт менен толукталсын:
"371. Чектелген курактан жогору аскердик кызматта калтырылган аскер кызматчылары менен аскердик кызматынын мөөнөтү узартылган мөөнөткө аскердик кызмат өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүлөт.";
- 186-пункттун 61-пунктчасынын он үчүнчү абзацы "коррупцияга каршы аракеттенүү" деген сөздөрдөн кийин "жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 202-пункт менен толукталсын:
"202. Аскердик кызматтан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарында атайын аскердик каттоодо же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 23-24 (668-669) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |