Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 3/4 (В)
А.Ташбаевдин арызы боюнча Беш-Короонун он тарабындагы ”БСР”дин жанынан жайыт катмарынан пайдаланууга жараксыз жерди жайыттын эсебине “Карьер” кылып ачып колдонууга уруксат берүү жөнүндө
А.Ташбаевдин арызы боюнча Беш-Короонун он тарабындагы ”БСР”дин жанынан жайыт катмарынан пайдаланууга жараксыз жерди жайыттын эсебине “Карьер” кылып ачып колдонууга уруксат берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. А.Ташбаевдин арызы боюнча Беш-Короонун он тарабындагы ”БСР”дин жанынан жайыт катмарынан пайдаланууга жараксыз жерди жайыттын эсебине “Карьер” кылып ачып колдонууга уруксат берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |