НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 3/4 (Е)
К.Нарбиевдин арызы оюнча Назаралиев айыл аймагына караштуу Үч-Коргон мал базарына кирүүдөгү алынуучу төлөмдөрдү кайра баштан кароо жөнүндө
К.Нарбиевдин арызы оюнча Назаралиев айыл аймагына караштуу Үч-Коргон мал базарына кирүүдөгү алынуучу төлөмдөрдү кайра баштан кароо жөнүндөгу маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Назаралиев айыл аймагына караштуу Үч-Коргон мал базарына кирүүдөгү алынуучу төлөмдөрү жылкы, уйга 20 (жыйырма ) сом, кой эчкиге 15 (он беш) сомдон деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т.Эркиновго жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |