НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 29-сентябры № 3/1
Ш.Назаралиев айыл аймагынын 2021-жылдагы кыш мезгилине карата социалдык мекемелердин даярдыктары жана айыл өкмөттүн орун басары Р.Бобаназаровдун отчету жөнүндө
Ш.Назаралиев айыл аймагынын 2021-жылдагы кыш мезгилине карата социалдык мекемелердин даярдыктары жана айыл өкмөттүн орун басары Р.Бабоназаровдун отчету. жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ш.Назаралиев айыл аймагынын 2021-жылдагы кыш мезгилине карата социалдык мекемелердин даярдыктары жана айыл өкмөттүн орун басары Р.Бобаназаровдун отчету эскертүүлөрү менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын төраганын орун басары З.Нармырзаевага калтырамын.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |