Редакцияот 28.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

2021-жылдын 28-октябры № 1/1

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан, мамлекеттик салык кызматына депутаттары декларациясын тапшыруу жөнүндө түшүндүрмө берүү жөнүндө

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан, мамлекеттик салык кызматына депутаттары декларациясын тапшыруу жөнүндө түшүндүрмө берүү. А.Токторбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 1-сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мамлекеттик салык кызматына депутаттар тарабынан толтурулуучу декларациясы өз убагынан кечиктирбей милдеттүү түрдө тапшырылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөттүн салык кызматынын башчысы Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

3. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.

 

5. Назаралиев атындагы айылдык кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Токторбеков.