АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги
XIII сессиясынын отуруму
2024– жылдын 24-январы № 13/2
Кыргыз Республикасынын, 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” №4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пункттун, Ак-Таш айыл аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө
Ак-Таш айылдык кенешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XIII сессиясы күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын, 2022-жылдын 18-январындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” № 4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пункттун, Ак-Таш айыл аймагында жүзөгө ашыруу жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап Ак-Таш айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ХIII бөлүмү камтыган жергиликтүү салыктар (турак жай имараттары жана жайлар, турак жай эмес имараттардын жерлери, айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору, айыл чарба жерлери, транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелер, темир жол), Ак-Таш айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан колдоонууга киргизилсин.
2. Ак-Таш айыл аймагындагы турак жай, там арка салыгы жана түтүн пул салыктарынын тарифин жогорулатуу, башкача айтканда там арка салыгын 15 сом, түтүн пул салыгын 15 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
3. Ак-Таш айыл аймагында көп жылдан берки эски коэффициент өзгөрүлбөй келет, андан сырткары инфиляцияны эске алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында турак жай эмес имараттар, курулмалар жайлар үчүн, ошондой эле айыл чарба багытында эмес жерлерге салыктарын эсептөөдө айыл зоналык жана нарктык коэффициенти (КЗ) 1,3 өлчөмдө бекитилсин.
4. Ак-Таш айыл аймагынын калган калктуу конуштарына “Мүлк салыгы” камтыган жергиликтүү салыктарды эсептөөдө зоналык жана нарктык коэффициенти (КЗ) 1,3 өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жана салык бөлүмүнө жүктөлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык Кеңешинин Төрагасы |
| А.Аматов |