Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жаны-Арык айылдык кенешинин VII-чакырылышынын

депутаттарынын кезектеги XIX- сессиясы

 

2024– жылдын 31-январы № 19/2

 

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2024- жылга карата бюджеттин бекитүү жөнүндө

 

«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2025- 2026-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2024-жылга карата республикалык бюджетин бекитүү жана бюджеттин долбоорун 2025-2026-жылдарга болжолуу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрүн карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңешинин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп талкуулап Жаңы-Арык айылдык кеңеши

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүң жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2024-жылга 33460,1 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 2024-жылга 5701,4 миң сомго бекитилсин.

2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджеттин долбоорун 2025-2026-жылдарга болжолуу 2025-жылга 32777,2 миң сомго 2026-жылга 34563,2 миң сомго бекитилсин.

3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 250,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 166,6 миң сомго бекитилсин.

4. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүң аппаратта иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 27, анан ичинен 4 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү адис коэфциентинде бекитилсин) , кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага:

 

Ж.Осумбеков