Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № XXVII -4

Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2001-жылдын 19-декабры № 111токтомуна ылайык Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларынын жүргүзүүгө сарпталуучу акча каражаттарын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан социалдык жактан коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө 70 000 ( жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2.  Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.Эрматов