Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № XXVII - 5

Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан Участкалык милиция кызматкерлеринин кийим кечесине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Участкалык милиция кызматкерлеринин өтүнүч катынын негизинде кийим кечесине Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан акча каражатын ажыратуу максатында Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Найман айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык акчадан участкалык милиция кызматкерлеринин кийим кечесине 10 000 ( он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2. Ушул токтомду аткарууга алып, бөлүнгөн акча каражатын убагында которуп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык кеңешинин социалдык,маданий,билим берүү жана спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Найман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.Эрматов