Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кенешининVII-чакырылышынын
депутаттарынын кезектеги XIX- сессиясы
2024– жылдын 31-январы № 19/8
Жаңы-Арык айыл аймагындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Жаңы-Арык айыл аймагынын Правда айылындагы К.Кадыров көчөсүнүн №1 үйдөн №107 үйгө чейинки үйлөр К.Кадыров көчөсү, ал эми №108 ден №169 га чейинки үйлөрдү камтыган жаңы чектеги кыска үч көчөнүн атын өзгөртүү боюнча элден түшкөн арызды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7- беренесинин негиз кылып, Жаңы-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Арык айыл аймагындагы Правда айылындагы К.Кадыров көчөсүнүн №1 үйдөн №107 үйгө чейинки үйлөр К.Кадыров көчөсү, ал эми №108 ден №169 га чейинки үйлөрдү камтыган жаңы чектеги кыска үч көчөнүн аталышы Кожоканов Аширали деп өзгөртүлсүн.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Кожоканов Аширалинин көчөсүнүн атын жазылган белгилерин жаздырып илдирүү жана жарыктандыруу, жолдорун оңдоо көчөнүн атын алган А.Кожокановдун балдарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун ишинин аткарылышын көзөмөлдөө социалдык, маданий агартуу, спорт, жаштар менен иштөө, регламент жана этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага: |
| Ж.Осумбеков |