Редакцияот 25.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы

2023-жылдын 25-декабры №9/1

Ормон-Хан айыл аймагынын чарбалык жумуштарын аткаруу үчүн 2 даана ХОВО үлгүсүндөгү унаа алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Ормон-Хан айыл аймагынын чарбалык жумуштарын аткаруу үчүн 2 даана ХОВО үлгүсүндөгү унаа алууга 10 400 000 (он миллион төрт жүз мин) сом акча каражатын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ормон-Хан айыл аймагынын чарбалык жумуштарын аткаруу үчүн 2 даана ХОВО үлгүсүндөгү унаа алууга 10 400 000 (он миллион төрт жүз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнсүн.

2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Сагынбек уулу