ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы
2023-жылдын 25-декабры №9/2
Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон үстөгү бар акча каражатын алууга макулдук берүү жөнүндө жөнүндө
Автосамосвал алуу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон 5 200 000 (беш миллион эки жүз мин) сомду 6% үстөгү менен 5 жылдык мөөнөткө алууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Автосамосвал алуу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондтон 5 200 000 (беш миллион эки жүз мин) сомду 6% үстөгү менен 5 жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |