ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезектеги 20-сессиясы
2024– жылдын 01-февралы № 75
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” №1699-VII токтомуна ылайык финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин бекитүү боюнча, алдын ала каралган сунуштамаларынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2024-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 30539,0 сомго бекитилсин.( №1-2- тиркеме)
2.Айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3.2024-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
б).ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.
г).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө;
е). өзгөчө режимдеги соода зоонларындагы ишке салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө.
4.Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 250,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6.Айыл өкмөтүнө 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар (байланыш, көмүр, суу ж.б.) жумшалсын.
7.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2024-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
8. Жалпак-Таш айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, согуш мезшилинде тылда кызмат өтөгөндөргө, Энелер күнүнө, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
9. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланаары белгиленсин.
10. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
11.Мындан тышкары, 2023-жылдын жергиликтүү киреше планын аткарылышы тууралуу отчеттун жана 2024-жылга жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген киреше бөлүгүн, кирешелердин Бюджеттик классификациясынын форматында Кыргыз Республикасынын Финансы минстрлигине берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
12.Үч-Каптал айылындагы жаңыдан ачылган “Т.Маткасымов” атындагы балдар бакчасынын коммуналдык чыгымдарына, учурдагы ремонт ишерине, балдардын тамак ашына ж.б жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
13.Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын бир күндүк тамак-ашына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 токтому менен бекитилген нормага ылайык жергиликтүү бюджеттен ар бир балага 18 сомдон акча каражаты каралсын.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №75 токтомуна №1-тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2023-жылга карата киреше бөлүгү
№ | Кирешелердин аталышы | 2023-жылга бекитилген долбоор |
1 | Киреше салыгы | 8581,0 |
2 | Патенттик негиздеги салык | 900,0 |
3 | Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы | 2,0 |
4 | Транспорт салыгы | 974,9 |
5 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 174,5 |
6 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 170,0 |
7 | Рояли салыгы | 9317,0 |
8 | Линценцияны кармоо учун | 700,0 |
9 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 2428,0 |
10 | Жайыт ижарасы учун акы | 205,0 |
11 | КБФнын ижарасы | 428,3 |
12 | Таштанды чыгаруу | 13,0 |
13 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 1170,0 |
14 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 515,9 |
| Бардык киреше | 25579,6 |
15 | Тендештирүүчү грант | 4959,4 |
| ЖАЛПЫСЫ | 30539,0 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков
ФЭБ башчысы А. Нурдинов
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №75 токтомуна №2 тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга карата
чыгаша бөлүгү
№ | Чыгашалардын аталышы | статья | Бардык чыгым (миң)сом менен | |
2024-жылга каралган сумма | Каржылануучу булак | |||
АППАРАТКА | ||||
1 | Кызматчылардын эмгек акыларына | 2111 | 10059,8 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Соцфонд төлөмүнө (17,25%) | 2121 | 1281,3 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Сапар чыгымдарына | 2211 | 120,0 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Байланыш кызматына | 2212 | 18,0 | Жергиликтүү бюджет |
5 | Кызматтык авто унаага күйүүчү май сатып алууга | 2214 | 210,0 | Жергиликтүү бюджет |
6 | Кызматтык авто унаанын запастык бөлүктөрүнө жана оңдоого кеткен чыгымдарга | 2214 | 80,0 | Жергиликтүү бюджет |
7 | Окуулар үчүн | 2215 | 30,0 | Жергиликтүү бюджет |
8 | Информациялык-технологияларды камсыздоого | 2215 | 60,0 | Жергиликтүү бюджет |
9 | Орг.технологияларды ондоо кызмат көрсөтүүлөргө | 2215 | 20,0 | Жергиликтүү бюджет |
10 | Ар кандай чыгымдарга (семинарларды, ишембиликтерди өткөрүү ж.б.) | 2215 | 60,0 | Жергиликтүү бюджет |
11 | Стендерди, банерлерди, грамоталарды жасоо кызматына | 2215 | 40,0 | Жергиликтүү бюджет |
12 | Коомдук тартипти камсыз кылуу иш-чараларын уюштурууга | 2215 | 20,0 | Жергиликтүү бюджет |
13 | КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзуна мүчөлүк акыны төлөө | 2215 | 8,0 | Жергиликтүү бюджет |
14 | Кенсе айыл чарба товарларын сатып алууга | 2222 | 80,0 | Жергиликтүү бюджет |
15 | Көмүр сатып алууга | 2224 | 90,0 | Жергиликтүү бюджет |
16 | Оргтехникаларды сатып алуу, компьютер жана принтер | 3112 | 100,0 | Жергиликтүү бюджет |
17 | Резервдик фонд | 2824 | 250,0 | Жергиликтүү бюджет |
18 | Айыл өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык ремонттоого | 3111 | 600,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 13127,1 |
|
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШКЕ | ||||
1 | Сапар чыгымдарына | 2111 | 20,0 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Ар кандай чыгымдарга (токтомдорду жарыялоо, юстициядан катоодон өткөрүүгө ж.б.чыгымдарга) | 2215 | 20,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 40,0 |
|
Маданият тармагына | ||||
1 | Эмгек акыга | 2111 | 1524,6 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Соцфонд төлөмүнө (17,25%) | 2121 | 263,1 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Ар кандай чыгымдарга (газетага жазылуу, жарыя берүү ж.б.) | 2215 | 20 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Маданий иш-чараларды өткөрүүгө (8-март майрамына 100,0, Нооруз майрамына 50,0 миң, 1-июнь балдарды коргоо күнунө 30,0 миң, жыл жыйынтыгын чыгарууга 50,0 миң, чыгармачыл адамдарды колдоо, ж.б.семинарларды өткөрүүгө 20,0 миң.) | 2215 | 300,0 | Жергиликтүү бюджет |
5 | Курбу-Таш маданият үйүнүн ремонттоо жана столдорду сатып алууга | 3112 | 380,0 | Жергиликтүү бюджет |
6 | Көмүр сатып алууга | 2224 | 18,0 | Жергиликтүү бюджет |
7 | Курбу-Таш китепканасына адабий китептерди сатып алуу | 3112 | 15,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 2520,7 |
|
ТУРАК ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТЫНА | ||||
1 | Атайын техниканын ижара акысы үчүн | 2213 | 100,0 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Атайын техникага күйүүчү май (4000 лт) сатып алууга | 2214 | 300,0 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Келишимдик негизде иштегендердин эмгек акысы | 2215 | 890,0 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Келишимдик негизде иштегендердин соцфондунун төлөмүнө (17,25%) | 2215 | 155,8 | Жергиликтүү бюджет |
5 | Архитектуралык иш кагаздарды даярдоого, сметалык долбоорлорду, мамлекеттик каттоо укугун жасоого (Ак-Терек, Боз-Ала айылына бала бакча курууга, Кара-Тарык айылына ФАПтын курулушуна, морчо курууга) | 2215 | 400,0 | Жергиликтүү бюджет |
6 | Санитардык-гигиеналык иш-чараларды уюштурууга | 2215 | 120,0 | Жергиликтүү бюджет |
7 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн | 2215 | 300.0 | Жергиликтүү бюджет |
8 | Күтулбөгөн ар кандай чыгымдарга | 2215 | 201,6 | Жергиликтүү бюджет |
9 | Айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө (бекитилген ищ-чарага ылайык) | 2215 | 1674,8 | Жергиликтүү бюджет |
10 | Учурдагы ремонт иштерине (таза суу системаларын, турак-жайларды, ж.б.ремонттоого, бекитилген иш-чарага ылайык) | 2221 | 300,00 | Жергиликтүү бюджет |
11 | Айыл чарба товарларын (таза суу түтүктөрүн, түнкү жарыктандыруучу бөлүкчөлөрдү ж.б.) сатып алууга (бекитилген ищ-чарага ылайык) | 2222 | 400,0 | Жергиликтүү бюджет |
12 | Боз-Ала айылына ФАПтын курулушун баштоого | 3111 | 1437,5 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 6279,7 |
|
Айыл чарбасына жана жайыт комитетине | ||||
1 | Жайыт акынын төлөмдөрү | 2215 | 205,0 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Сибир жарасынын чордондорун залалсыздандырууг | 2215 | 20,0 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Жолбун ит-мышыктарды атып жок кылууга | 2215 | 52,0 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Ветеринардык иш-чараларга ар кандай чыгымдарга | 2215 | 30,0 | Жергиликтүү бюджет |
5 | Жашылдандыруу көрктөндүрүү иш-чарасына | 3113 | 100,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 407,0 |
|
БАЛА БАКЧАЛАРГА | ||||
1 | Тамак аш азыктарына | 2218
| 1070,2 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Учурдагы ремонт иштерине | 2221 | 60,0 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Айыл чарба товарларын алууга | 2222 | 50.0 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Көмүр алууга | 2224 | 404,4 | Жергиликтүү бюджет |
5 | Искен-Нур балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасынын курулушуна | 3111 | 666,5 | Жергиликтүү бюджет |
6 | Үч-Каптал айылындагы 35 орундуу балдар бакчасынын курулушунун карызын төлөөгө | 3111 | 1000,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 3251,1 |
|
Билим берүү тармагы | ||||
1 | Ар кандай чыгымдарга (акыркы коңгуроо, мугалимдердин кесиптик күнунө жана окуучуларды спорттук мелдештерге жөнөтүүгө) | 2215 | 100,0 | Жергиликтүү бюджет |
2 | 2024-2025-окуу жылына карата мектептерди учурдагы ремонт иштерине | 2221 | 550,0 | Жергиликтүү бюджет |
3 | Айыл чарба товарларын сатып алууга | 2222 | 260,0 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Көмүр сатып алууга | 2224 | 2433,4 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 3343,4 |
|
СОЦИАЛДЫК КОРГОО | ||||
1 | Аз камсыз үй-бүлөөлөргө, Улуу Ата Мекендик согушта кызмат кылгандарга, авган согушунун ардагерлерине, оорулуу жарандарга жардам көрсөтүүгө | 2721 | 400,0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 400,00 | Жергиликтүү бюджет |
БАЛА БАКЧА (атайын каражат) | ||||
1 | Тамак аш сатып алууга | 2218 | 1170, 0 | Жергиликтүү бюджет |
| Жыйынтыгы |
| 1170,0 |
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ | 30539,0 |
| ||
Айыл өкмөт башчысы З.Сыдыков
ФЭБтин башчысы А.Нурдинов
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №75 токтомуна №3-тиркеме
Айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин
болжолдуу көрсөткүчтөрү
№ | Кирешелердин аталышы | 2024 | 2025 | 2026 |
1 | Киреше салыгы | 8581,0 | 9568,0 | 11003,0 |
2 | Патенттик негиздеги салык | 900,0 | 900,0 | 900,0 |
3 | Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы | 2,0 | 2,0 | 2,0 |
4 | Транспорт салыгы | 974,9 | 974,9 | 974,9 |
5 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 174,5 | 174,5 | 174,5 |
6 | Айыл чарба жерлерине юридикалык жер салыгы |
|
| 336,3 |
7 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 170,0 | 170,0 | 170,0 |
8 | Роялти салыгы | 9317,0 | 10758,3 | 11709,6 |
9 | Лиценцияны кармоо учун | 700,0 | 700,0 | 700,0 |
10 | Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы | 2428,0 | 2428,0 | 2428,0 |
11 | Жайыт ижарасы учун акы | 205,0 | 205,0 | 205,0 |
12 | КБФнын ижарасы | 428,3 | 428,3 | 428,3 |
13 | Таштанды чыгаруу | 13,0 | 13,0 | 13,0 |
14 | Атайын каражат (ата-энелер толому) | 1170,0 | 1170,0 | 1170,0 |
15 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр | 515,9 | 515,9 | 515,9 |
| Бардык киреше | 25579,6
| 28344,2 | 30730,5 |
16 | Тендештирүүчү грант | 4959,4 | 4959,4 | 4959,4 |
| ЖАЛПЫСЫ | 30539,0 | 33303,6 | 35689,9 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков
ФЭБ башчысы А.Нурдинов