ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы
2023-жылдын 25-декабры №9/3
Жаны-Жол айылынын М-Сакин апа бала бакчасынын долбооруна өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө
Жаны-Жол айылынын М-Сакин апа бала бакчасынын оюн аятчасын куруу долбооруна Кочкор райондук өнүктүрүү фондон алынуучу 600 000 (алты жүз мин) сомго өздүк салым катары 200 000 (эки жүз мин) бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаны-Жол айылынын М-Сакин апа бала бакчасынын оюн аятчасын куруу долбооруна Кочкор райондук өнүктүрүү фондон алынуучу 600 000 (алты жүз миң) сомго өздүк салым катары 200 000 (эки жүз миң) cом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |