ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезектеги 20-сессиясы
2024– жылдын 01-февралы № 76
2023-жыл ичинде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн акча каражаттары жана атайын каражатка кошумча план алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2023-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден жана үнөмдөлгөн 2380,8 миң сом, бала бакчанын атайын каражаттындагы ата-энелердин төлөмүнөн 7,0 миң сом акча каражаттарын чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү жана бала бакчанын атайын каражатына кошумча план алуу боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын аягында жергиликтүү бюджети аткарууда кошумча кирешелерден түшкөн жана үнөмдөлгөн 2380,8 миң сом жана бала бакчанын атайын каражаттындагы 7,0 миң сом акча каражаттары 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетин чыгаша бөлүгүнүн, төмөндөгү бөлүмдөрүнүн беренелерине бөлүштүрүлүп, кошумча иш-чаралар планы бекитилсин:
1).Жергиликтүү бюджеттеги 2380,8 миң сом акча каражаты:
а).турак-жай коммуналдык чарбанын 3111-беренесине 1430,8 миң сом, 3112-беренесине 150,0 миң сом ;
б).орто мектептин 2222-беренесине 800,0 миң сом.
2).Атайын каражаттагы 7,0 миң сом акча каражаты бала бакчанын 2222-беренесине бөлүштүрүлүп, жумшалсын.
3.2024-жылдын башында Т.Маткасымов атындагы балдар бакчасы ишке киргендигине жана ата-энелердин атайын төлөмдөрү жогорулагандыгына байланыштуу 2024-жылга 522,0 сомго кошумча план алынсын жана аны бөлүштүрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жана пайдалануу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №76 токтомуна №1-тиркеме
2023-жыл ичинде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелер жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн акча каражатынын иштетилиши боюнча кошумча иш-чаралар планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Бөлүнгөн акча каражаты | Мөөнөтү | Аткарууга жооптуу |
1 | Карл Маркс айылындагы морчону капиталдык ремонтоо | 500,0 | 2024-жыл | Айыл өкмөтү |
2 | Турдубаева атындагы орто мектебин көркөм жасалгалоо | 800,0 | 2024-жыл 1-кв | Айыл өкмөтү |
3 | Кара-Тарык айылындагы ФАПтын курулушун курууга | 930,8 | 2024-жыл 2-кварталы | Айыл өкмөтү |
4 | Ак-Терек айылындагы таза су линясына 20м/кубтук темир бочка сатып алуу | 150,0 | 2024-жыл 1-2-кварталы | Айыл өкмөтү |
5 | Бала бакчаларга кеңсе товарларын сатып алууга (атайын каражат) | 7 ,0 | 2024-жыл 1-кварталы | Айыл өкмөтү |
| Жыйынтыгы | 2387,8 |
|
|
Айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыков
ФЭБ башчысы А. Нурдинов