ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезектеги 20-сессиясы
2024– жылдын 01-февралы № 78
Айыл өкмөттүн штаттык санына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” №451 сандуу токтомуна ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн администрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин денгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” (айылдын старостасы) кызмат орду (9 штаттык бирдик) бекитилсин.
3.Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдетүү жана аскерге чакырылуучу бар болгондугуна байланыштуу эки бошотулган кызматкер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
4.Сунушталган айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги толугу менен өзгөртүүсүз бекитилсин жана Өзгөн райондук каржы бөлүмү менен макулдашып, эмгек маяналарын каржылоо каралсын
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №78 токтому менен бекитилген №1-тиркеме
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана
штаттык саны
№ | Кызматтардын аталышы | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн калкынын саны 7810 |
7ден 10 го чейин | ||
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Башчынын орун басары |
|
3 | Жооптуу катчы | 1 |
4 | Финансы экономика бөлүмунүн башчысы | 1 |
5 | Жер, турак жай маселелери боюнча башкы адис | 1 |
6 | Социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
7 | Ветеринария боюнча башкы адис | 1 |
8 | Санариптештирүү, компьютер жана маалымат технологиялар боюнча башкы адис | 1 |
9 | Стат-экономика боюнча жетектөочү адис | 1 |
10 | Киреше салыгы боюнча жетектөөчү адис | 1 |
11 | Айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис | 1 |
12 | Салык жыйноо боюнча адис | 1 |
13 | Эсепчи бухгалтерия боюнча адис | 1 |
| Жыйынтыгы | 12 |
| Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча кызмат орундары | |
1 | Жетектөочү адис- айыл башчы (айыл тургундарынын жыйналышынын макулдугу менен) | 9 |
2 | Адис-Аскердик-эсепке алуу боюнча инспектор | 2 |
| Жыйынтыгы | 11 |
| Техникалык жана кенже тейлөочү кызматкер ТТК МТК | |
1 | Айдоочу | 1 |
2 | Тазалоочу (кароолчу) | 1 |
| жыйынтыгы | 2 |
Жооптуу катчы М.Калдыбаева