ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезектеги 20-сессиясы
2024– жылдын 01-февралы № 80
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата
иш-планын бекитүү жөнүндө
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин төрайымы Г.Матиева сунуштаган 2024-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Г.Матиева |
Жалпак-Таш айылдык кеңешиин 2024-жылдын 01-февралындагы №80 токтомуна №1-тиркеме
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу | 1-квртал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
2 | Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планын бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөтү |
3 | Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо | 1-2-квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы |
4 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо | 2-3 квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
5 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо,таза суу,таштанды чыгаруу,жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык күн). | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын торагалары |
6 | Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу | 1-2 квартал | Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
7 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө | 2-3-квартал | Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы |
8 | Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга, согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү | дайыма | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
9 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет) | Жылына кеминде бир жолу | Кенештин төрагасынын орун басары, депутаттар |
10 | Коомдук угууларды уюштуруу | 4-квартал | Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
11 | Айылдык кеңешке келип түшкөн арыз, даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү | дайыма | Регламент жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы |
12 | Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2024-жылдагы кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө | 3-4-квартал | Кенештин төрайымы, айыл өкмөтү |
13 | Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 9 ай ичинде аткарылган жергиликтүү бюджетин кароо | 4-квартал | Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү |
14 | Кезексиз сессияларды уюштуруу | Зарыл-дыгына жараша | Кеңештин төрайымы |
15 | Жыл жыйынтыгы боюнча жигердүү иши менен өзгөчөлөнгөн жана айылдык аймактын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айылдык кеңештин депутаттарын жана жашоочуларды сыйлыкка көрсөтүү | 4-квартал | Комиссиянын төрагалар, депутаттар, айыл өкмөттөн сунуштар |
16 | Жалпак-Таш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө | Жыл ичинде | Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана жооптуу катчысы |
Төрайым Г.Матиева