ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы
кезектеги 20-сессиясы
2024– жылдын 01-февралы № 81
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин
ижарага берүү комиссиясынын курамын жана иш-регламентин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун 22-беренесине ылайык жана айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү
комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-Бекташов Алишер -Жалпак-Таш айылдык кенешинин депутаты;
-Илияз уулу Уларбек- Жалпак-Таш айылдык кенешинин депутаты;
-Сатыбалдыев Мирбек- Жалпак-Таш айылдык кенешинин депутаты;
-Сыдыков Замирбек-Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
-Паизов Сооронбек- Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер, турак жай
мас.боюнча башкы адис;
-Исаков Дурусбек-Кара-Тарык айылынын айыл башчысы;
-Мамадеминов Калдар-Киров айылынын айыл башчысы;
-Бөрүбаев Узакбай Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси;
Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен)
-Калыкбердиев Талантбек –Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы;
-Калдыбаева Майрамкан- Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер, турак жай маселери боюнча башкы адис С.Паизовдун жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис У.Бөрүбаевтин сунуштаган иш-регламенти бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Матиева |