ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IХ сессиясы
2023-жылдын 25-декабры №9/11
Большевик айылындагы таза суу курулушуна кошумча акча каражат бөлүү жөнүндө
Большевик айылындагы таза суу курулушу үчүн мурда каралган акчага кошумча 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүү туралуу депутат Э.Эшмуканбетовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Большевик айылындагы таза суу курулушу үчүн мурда каралган акчага кошумча 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Сагынбек уулу |