Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы

 

2024– жылдын 19-январы № 88

 

Большевик айылынын тургуну Т. Эдилбековтун арызы жөнүндө

       Ак- Жар айылдык кеңеши Большевик айылынын тургуну Т. Эдилбековко жеке турак жай салууга берилген 0,8 га жер тилкесине коомдук мончо салып калкты тейлөө кызматын көрсөтүү боюнча сунушун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ак- Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы К. Жуманазаров көчөсүнүн № 62 а дарегинде жайгашкан Т. Эдилбековко жеке турак жай салуу үчүн берилген 0,8 га жер тилкесине, коомдук мончо курууга жана жердин багытын калкты тейлөөгө өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.