Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы

 

2024– жылдын 19-январы № 90

 

Ак- Жар айылындагы №22 ҮДТнын сунушу жөнүндө

Ак-Жар айылдык кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн калкынын ден соолугуна кам көрүү максатында, Ак-Жар айылында жайгашкан № 22 Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жалпы жамаатынын сунушун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылында жайгашкан №22 ҮДТнын бош жаткан аянтына кошумча ийне сайуу жана лабораториялык бөлмөлөрдү курууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Турдали уулу К.