Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылыш кезектеги XV сессиясы
2024– жылдын 19-январы № 95
Ак-Жар айыл өкмөт башчысынын 2023- жылда аткарган иштери боюнча
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөт башчысынын 2023- жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бюджеттин пайдаланылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 . Айыл өкмөт башчысы К.Максутовдун 2023- жылда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджеттин аткарылышында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2 . Айыл өкмөтүнүн ишинин негизги багыты бюджетти көтөрүү, донор уюмдар, өнүктүрүү фондтору жана инвесторлор (АРИС, ЮСАИД, ПРООН ж.б) менен тыгыз кызматташып, долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы уюштуруу иштеринде болсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |