ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XII сессиясы
2024-жылдын 18-апрели №12/2
К. Акназаров орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн сметасын чийдирүүгө акча каражатын кароо жөнүндө
К. Акназаров орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн сметалык наркын эсептетүүгө акча каражатын кароо тууралуу Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковдун маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. К. Акназаров орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Капиталдык салымдар беренесине долбоор сунушталсын.
2. К. Акназаров орто мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн сметалык наркын эсептетүүгө 250,0 (эки жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |