Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/1
Чолпон, Эпкин, Осоавиахим жана Чекилдек айылдарынын башкы планын чийдирүүгө келген акча каражатын колдонуу жөнүндө
Шаар куруу долбоорлоо институтунун суроо-талабы боюнча 2024-жылдын 13-майында КР Финансы Министрлигинен максаттуу трансферт болуп 7 740 600-00 (жети миллион жети жүз кырк миң алты жүз) сом акча каражаты Чолпон айыл аймагынын Чолпон, Эпкин, Осоавиахим жана Чекилдек айылдарынын башкы планын чийдирүүгө которулуп келген акча каражатын максаттуу пайдалануу тууралуу Финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон, Эпкин, Осоавиахим жана Чекилдек айылдарынын башкы планын чийдирүүгө максаттуу трансферт катарында келген каражаттан 7 740 600-00 (жети миллион жети жүз кырк миң алты жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы айылдардын башкы планын чийдирүү жана башка тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары А. Исаковго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |