Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/2
Осоавиахим айылына Парк курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Осоавиахим айылынын жалпы жашоочуларынын жана жаштарынын демилгеси, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл тургундарына эс алууга жакшы шарт түзүү үчүн Парк уюштуруу демилгеси көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу Осоавиахим айылынын айыл башчысы Каныбек уулу Аргендин кайрылуусун талкуулап жана Осоавиахим айылынын жалпы жыйналышынын Протоколунун чечимин карап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Осоавиахим айылынын жашоочуларынын демилгеси жактырылып, Парк курууга Осоавиахим айылынын Сапарбек уулу Асанбек көчөсүнүн күн чыгыш тарабынан 1,0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Парк куруу үчүн жер аянтынын категориясын аныктап, жер аянтын тактап, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер турак-жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |