Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/3
Узун-Булак айылынын Керешке участогундагы көмөк чордон салууга жер аянтынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Улуттук электр тармактары” ААКну тарабынан Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак айылына курула турчу электр көмөк чордонун курууга ылайыкталган 1 га жер аянтынын багытын “Айыл чарба жерлери” категориясындагы маданий жайыт түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында Чолпон айыл аймагына караштуу Узун-Булак айылынын Керешке участогуна “Кыргыз Улуттук электр тармактары” ААКну тарабынан курула турчу электр көмөк чордонун курууга ылайыкталган №2368 контурдагы мамлекеттин менчигиндеги 1 га жер аянтынын багытын “Айыл чарба жерлери” категориясындагы маданий жайыт жер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |