Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/4
Айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толуктоолору менен бекитүү жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовдун 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толуктоолор киргизилип жаткандыгы тууралуу угуп жана талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик админситрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги X сессиясынын 2024-жылдын 13-мартындагы №10/10 токтомуна толуктоолор киргизилсин.
2. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы толуктоолору менен бекитилсин.
3. Инвестициялык долбоорлорду тартуу, өз убагында иш кагаздарын долбоорлорго сунуштоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен иш алып баруу жагы тийиштүү кызматкрлерге эскертилсин.
5.Айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын толугу менен ишке ашыруу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана Финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Усубалиевгетапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |