Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/5
У. Малтабаров орто мектебинин чатырын толугу менен алмаштыруу үчүн долбоорго өздүк салым акча каражатын кароо жөнүндө
У. Малтабаров орто мектебинин чатырын толугу менен алмаштыруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. У. Малтабаров орто мектебинин чатырын толугу менен алмаштыруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.
2. У. Малтабаров орто мектебинин чатырын толугу менен алмаштыруу үчүн Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |