Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы
2024-жылдын 14-майы №13/6
Чолпон айыл аймагы менен Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жери менен чепктешкен жердеги “Базар-Турук” өрөөнүндөгү Чолпон айыл аймагына тиешелүү жерден БДР курууга 21,0 га жер аянтын трансформацияга сунуштоо жөнүндө
Чолпон айыл аймагы менен Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жери менен чепктешкен жердеги “Базар-Турук” өрөөнүндөгү Чолпон айыл аймагына тиешелүү жерден БДР курууга 21,0 га жер аянтын трансформацияга сунуштоо тууралуу Жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын корутундусун негиз кылып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагы менен Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жери менен чепктешкен жердеги “Базар-Турук” өрөөнүндөгү Чолпон айыл аймагына тиешелүү жерден БДР курууга 21,0 га жер аянты трансформацияга сунушталсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, жер аянтын тактоо жагы жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Жаныш уулу Ормонго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |