Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 10/7
Кара-Бүргөн айылындагы муниципалдык менчикте турган кампага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагынын Кара-Бүргөн айылындагы муниципалдык менчикте турган скампага тиешелүү жер аянтынан таза суу резервуары үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары |
А. Жунусов |