Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 11-сессиясы
2024-жылдын 20-майы № 11/2
Кара-Бүргөн айыл аймагындагы кабыл алынган тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында 16.04.2024-жылы өткөн жыйындын токтомунун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Бүргөн айыл аймагында 16.04.2024-жылдагы №9 жыйынында кабыл алынган төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
1.1 Талаачылык иштери боюнча:
Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айдап-себүүчү техникалардын айдап-себүүсү үчүн акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:
Мурун айдалып жүргөн жерге 1га жер аянты үчүн:
айдоо-1500 сом, 30л күйүүчү май, малалоо-750 сом, 10л күйүүчү май, себүү- 750 сом, жалпысы -3000 сом
Жаӊы айдалып жаткан жерге 1га жер аянты үчүн:
айдоо-1600 сом, малалоо-750 сом, себүү- 650 сом, жалпысы -3000 сом
Шакап салууга 100сом жана 3литр күйүүчү май сарпталат.
Сугат акысытөмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын: 1га жер аянты үчүн жер сугат - 2000 сом, кара-сугат - 3000 сом, Жалпысы - 5000 сом
Чөп чабык акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө пайдалануу жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын:1га жер аянт чөп үчүн жатка акысы - 1300 сом, Пресс 1 даанасы үчүн - 11 сом
Жергиликтүү тургундарга төмөндөгүлөр сунушталсын: Жазгы сугат иштеринде биринчи кезекте айдалуучу жер аянтынын сугаты бүтмөйүн башка сугат иштери жүргүзүлбөйт.
1-майдан баштап 1-октябрга чейин жерин корууга дыйкан өзү милдеттүү.
Жогорудагылардын негизинде тартип бузуулар болсо тарап Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө мыйзамынын негизинде жооп берүүгө милдеттүү экендиги эскертилсин.
1.2. Мал чарбачылыгы боюнча
Бадачыларга мал багуу үчүн мал башына төмөндөгүдөй өлчөмдө акы алуу сунушталсын:
--- Ири мүйүздүү малга- 450 сом
--- майда жандык малга (кой,эчки,козу,улак) - 60 сом
--- жылкыга- 300 сом
Көчүп-конуу убактысы 01-майга чейин орто жайлоолорго, 01-июндан 10-июнга чейин Арпа жайлоосуна малды багуу жагы сунушталсын. Малдарды 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармоо жагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүлсүн.
Малды бадачы жоготуп алса мал ээсине
---козу үчүн-6000 сом
---кой үчүн-8000сом,
---уй үчүн-45 000 сом
---торпок үчүн-30 000 сом
---кулун үчүн 25 000 сом
---жылкы үчүн-60 000 сом чыгымын төлөп берүү жагы жергиликтүү тургундарга сунушталсын.
Малдардын түрүнө жараша милдеттүү вакцинациялоо иштери өз убагында жүргүзүлүп турсун.
Өлгөн малдардын таштандысын Беккари чуңкуруна салуу ар бир мал ээсине милдеттендирилсин.
Айыл ичинде калган малдарга кесүү уюштурулсун. Жайлоолорго өз алдынча малдарды айдабастан бадаларга кошулсун.
Айдоо аянттарга кирген мал ээсине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө мыйзамынын негизинде айып пулдар салынсын.
1.3. “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын нын техникаларынын кызмат көрсөтүүдөгү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Эксковатор МТЗ-82 трактору казуу, көмүү тереңдиги 2м*1м -250 сом.
- Арык казуу 1 метр- 40 сом
- Яма казуу -2500 сом
- Жүктөө камазга-800 сом
- Жүктөө ЗИЛге -600 сом
- Жүктөө ГАЗ-53- 400 сом
- Жүктөө ХОВО-1200 сом
- Погрузчик саатына- 3000сом
- Жүктөө камазга-800 сом
- Жүктөө ЗИЛге -600 сом
- Жүктөө ГАЗ-53- 400 сом
- Жүктөө ХОВР-1200 сом
- Шагыл, топурак түшүрүү:
- Камаз менен- 2500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары айылы үчүн-2000сом
- ХОВО менен -3500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары айылы үчүн-3000сом
- Таштанды чыгаруу:
- Камаз менен- 2500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары айылы үчүн-2000сом
- ХОВО менен -3500 сом Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдары айылы үчүн-2000сом
- Эксковатор ХенгВанг саатына -3000 сом
- Бетономешалка 1 куб бетон -1000 сом
- Трактор Фармленд 904:
- Сеялка 1га -700 сом 10л ГСМ
- Шакап 1метр-4 сом, 1га -400 сом
- Пресс акысы-1 пресс 10 сом, 1га үчүн 10л ГСМ
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө жана “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊештин төрагасы |
Б. Кемелов |