Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-июну № 311-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 635-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелерин жоюунун эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп берсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун филиалдары - Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана "Бишкекжылуулуктармагынын" мүлктүк комплекстерин андан ары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү үчүн аталган мүлктүк комплекстерди белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |