КР Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 16-сентябрындагы № 4-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 4-июну № 3-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, аткаруу бийлигин башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары бекитилсин.
2. Ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө тейлөөчү Министрдин орун басары А.К.Имангазиевге жүктөлсүн.
Министр | Ж.М.Кулубаев |