АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 19-январы №20-4
“Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылында 2024-жыл ичинде аткарууга алынган жумуштар жөнүндө”
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылына 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен айылдык кеңешке түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылына 2024-жылга бекитилген бюджетинен:
-“Чотбаев” көчөсүн асфальттоо үчүн долбоор даярдоого-150 000 (жүз элүү миң) сом
-“А.Чоноров” атындагы маданият үйүндөгү аялдар фитнес клуб бөлмөсүн оңдоо чүн-300 000 (үч жүз миң) сом
-жаңы курулуучу бала бакчанын имаратынын долбоору үчүн-300 000 (үч жүз миң) сом
-жаңы ачылган бала бакчанын ыссык тамак ашы үчүн-320 000 (үч жүз жыйырма миң) сом
-жаңы ачылган бала бакчанын эмеректери үчүн-300 000 (үч жүз миң) сом
-“Балапан” МЧББҮнө компьютер алуу үчүн-30 000 (отүз миң) сом, бардыгы 1 400 000 сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.
5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Т.Хамракулов |