Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 5-июну № 70-чуа
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана инновациялык идеяларды кеңири жайылтуу максатында, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтерди (мындан ары — чет өлкөлүк ченемдик документтер) № 1-тиркемеге ылайык улуттук ченемдик документтер менен бир убакта колдонууга жол берилет, эгерде:
1) чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтер имараттардын жана курулмалардын механикалык, өрт, сейсмикалык, термикалык, химиялык, биологиялык, радиациялык, экологиялык жана электрдик коопсуздугу боюнча улуттук курулуш ченемдеринин талаптарына барабар же андан жогору болсо;
2) заказчы (инвестор) тарабынан мындай кароонун натыйжасына карабастан долбоордук документтерди кароодо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке тартылуучу көз карандысыз чет өлкөлүк адистердин жана консультанттардын кызматтарына акы төлөө боюнча чыгымдардын ордун жабууда;
3) чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтерди Ведомстволор аралык техникалык кеңеш тарабынан жактыруу.
2. Чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган жана Ведомстволор аралык техникалык кеңеш тарабынан жактырылган долбоордук документтер мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөй турган тартипти белгилөө.
3. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган жана Ведомстволор аралык техникалык кеңеш тарабынан жактырылган курулуш объектисинин курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилүүгө тийиш болгон тартипти белгилөө.
4. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган объекттин курулушуна техникалык көзөмөлдү эл аралык сертификаты бар жеке же юридикалык жак жүзөгө ашыруучу тартипти белгилөө.
5. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган курулуш объекттерин эксплуатацияга берүү Ведомстволор аралык техникалык кеңештин макулдугу менен иш жүзүнө ашырылуучу тартипти белгилөө.
6. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин жобосу № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин курамы № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Мамкурулуштун архитектура жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык кабыл алсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускадагы көчүрмөсүн Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2024-жылдын 5-июнунда https://gosstroy.gov.kg/ru/document/95/show расмий сайтында жарыяланды
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор | Н.К. Орунтаев |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 05-июнундагы № 70-чуа буйругуна № 3 тиркеме |
Ведомстволор аралык техникалык кеңештин
КУРАМЫ
1. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин төрагасы:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
2. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин төрагасынын орун басары:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары.
3. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин мүчөлөрү:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
3) Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары;
4) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
6) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары.
4. Ведомстволор аралык техникалык кеңештин жооптуу катчысы:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин архитектура жана техникалык ченемдөө башкармалыгынын начальниги.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 5-июну № 70-чуа
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана инновациялык идеяларды кеңири жайылтуу максатында, «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтерди (мындан ары — чет өлкөлүк ченемдик документтер) № 1-тиркемеге ылайык улуттук ченемдик документтер менен бир убакта колдонууга жол берилет, эгерде:
1) чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтер имараттардын жана курулмалардын механикалык, өрт, сейсмикалык, термикалык, химиялык, биологиялык, радиациялык, экологиялык жана электрдик коопсуздугу боюнча улуттук курулуш ченемдеринин талаптарына барабар же андан жогору болсо;
2) Долбоордук документтер, аны иштеп чыгууда курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик документтери колдонулган мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш, ошону менен бирге долбоордук документтер жана мамлекеттик экспертизанын корутундусу милдеттүү апостилдөө менен мамлекеттик же расмий тилге которулат;
3) чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтерди техникалык кеңеш тарабынан жактыруу.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. Чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган жана техникалык кеңеш тарабынан жактырылган долбоордук документтер мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөй турган тартипти белгилөө.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган жана техникалык кеңеш тарабынан жактырылган курулуш объектисинин курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизилүүгө тийиш болгон тартипти белгилөө.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
4. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган объекттин курулушуна техникалык көзөмөлдү эл аралык сертификаты бар жеке же юридикалык жак жүзөгө ашыруучу тартипти белгилөө.
5. Долбоордук документтери чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган курулуш объекттерин эксплуатацияга берүү техникалык кеңештин макулдугу менен иш жүзүнө ашырылуучу тартипти белгилөө.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
6. Техникалык кеңештин жобосу № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7. (пункт КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругуна ылайык күчүн жоготту)