Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 05-июнундагы № 70-чуа буйругуна № 2 тиркеме |
Ведомстволор аралык техникалык кеңеш жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ведомстволор аралык техникалык кеңеш (мындан ары - ВТК) шаар куруу, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкциялары, материалдары жана буюмдары, инженердик системалар жана курулмалар жаатындагы инженердик-техникалык маселелер боюнча туруктуу иштөөчү Ведомстволор аралык орган болуп саналат.
2. ВТК ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана инновациялык идеяларды кеңири жайылтуу максатында, шаар куруу, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкциялары, материалдары жана буюмдары, инженердик системалар жана курулмалар, инженердик изилдөөлөр, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура, долбоорлоодо, курууда жана курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алууну уюштурууда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер жаатындагы маселелерди чечүү үчүн түзүлөт жана иштейт.
3. ВТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Мамкурулуштун токтомдорун, тескемелерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ВТК жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
2-глава. ВТК негизги милдеттери
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан киргизилген курулуш жаатындагы чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтерди кароо.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун алдындагы Улуттук долбоорлоо институттары, ошондой эле зарыл учурда долбоордук документтерди кароодо ишке тартылган көз карандысыз чет өлкөлүк адистер жана консультанттар тарабынан даярдалып каралган долбоордук документтер боюнча чечимдерди иштеп чыгуу.
7. Илим менен техниканын жаңы жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны шаар куруу жана курулуш практикасына киргизүүгө көмөктөшүү, ошондой эле ири инвестициялык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтеринин экспертизасынын корутундуларын көз карандысыз кароо жана баалоо.
8. Курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүшү жана автордук, техникалык, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүн ишке ашыруу жана пайдаланууга берүү боюнча маселелерди кароо.
9. Шаар куруу жана курулуш, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди координациялоо жаатындагы ченемдик-техникалык базаны ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.
3-глава. ВТК функциялары
10. ВТК негизги милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) ВТКтин жыйналыштарында курулуш чөйрөсүндө чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган объекттердин жана курулмалардын курулушун жана пайдаланууга берүүнү угууну жана талкуулоону.
2) Каралып жаткан маселелер боюнча эксперттик уюмдарды жана эксперттерди дайындоо жана алардан каралып жаткан маселе боюнча ВТК чечимин кабыл алууда милдеттүү мүнөзгө ээ болгон корутундуларды же пикирлерди алууну.
3) Курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтерди өнөр жай-жарандык курулушка андан ары киргизүү маселелерин кароону.
4-глава. ВТК ыйгарым укуктары
11. ВТК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ТК жана секциялардын бардык мүчөлөрүнүн өз ара тең укуктуулук принциптеринде өз ишин жүзөгө ашырат.
12. ВТК иш планын өз алдынча иштеп чыгат.
13. ВТК менчиктин ар кандай формасындагы чарбакер субъектинин эксперттерин эркин тандоого жана тартуу укугуна ээ.
14. ВТК курулуш жаатында чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоого байланышкан натыйжаларды же талаш маселелерди кароого укуктуу.
15. ВТК ишин жүзөгө ашырууда өз демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген ар кандай чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
5-глава. ВТК ишин уюштуруу
16. ВТК төрага жетектейт.
17. ВТК төрагасы ВТК ишине байланыштуу бардык маселелерди өз алдынча чечет, ВТК жыйындарынын протоколдоруна жана ВТК башка расмий документтерине кол коет.
18. ВТК төрагасы ишеним катсыз ВТК атынан иш алып барат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин системасында бардык деңгээлде анын кызыкчылыгын коргойт.
19. ВТК төрагасынын 1-орун басары болот.
20. ВТК 9 мүчөдөн, анын ичинде төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан жана ВТК мүчөлөрүнөн турат.
21. ВТК сунуштамалары, чечимдери жана сунуштары Кыргыз Республикасынын бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
6-глава. ВТК ишин уюштуруу тартиби
22. ВТК жыйындары зарылдыгына жараша жана маселелер менен милдеттердин келип түшүшүнө жараша өткөрүлөт.
23. ВТК жыйындарынын ортосундагы мезгилде бардык ыкчам жана уюштуруу-техникалык иштер жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт.
24. ВТК жыйыны ага ВТК тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
25. Эгерде отурумга катышкан ВТК мүчөлөрү бир добуштан чечим кабыл алса, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
26. ВТК жыйындарында кабыл алынган чечимдер жана сунуштар маалымат жана конкреттүү практикалык чараларды көрүү үчүн тиешелүү уюмдарга жана ишканаларга жөнөтүлөт.
27. Жооптуу катчы төмөнкү иштерди жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде курулуш жаатында чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоого байланыштуу курулуш долбоорлорун түзөт, ВТК жыйындарында кароо үчүн маселелерди даярдоону уюштурат;
2) ВТК документтерин жүргүзөт, анын ичинде ВТК жыйындарынын протоколдорун жана чечимдерин тариздейт, анын жыйындарын өткөрүүнү уюштурат;
3) ВТК мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар жактарга жыйындарды өткөрүү убактысы жөнүндө маалымдайт, аларга кароого даярдалган материалдарды жиберет;
4) ВТК чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
5) каттардын жана документтердин долбоорлорун даярдайт, ВТК иши менен байланышкан ВТК төрагасынын жана төраганын орун басарынын башка тапшырмаларын аткарат;
6) ВТК секцияларында иш пландарынын аткарылышын жана иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн контролдойт.
28. ВТК жыйынында талкуулоо үчүн даярдалган материалдар аткаруучу тарабынан ВТК жооптуу катчысына ТК жыйынына чейин 15 күндөн кечиктирилбестен берилет.
29. ВТК чечимдери протокол менен таризделет.
30. ВТК ишин материалдык жактан камсыз кылуу (анын документтерин басып чыгаруу, көбөйтүү жана таратуу) Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомствосу, ошондой эле курулуш долбоорлору курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоо менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
7-глава. ВТК жоюу жана кайра уюштуруу
31. ВТК жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 05-июнундагы № 70-чуа буйругуна № 2 тиркеме |
Техникалык кеңеш жөнүндө
ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1.Техникалык кеңеш (мындан ары - ТК) шаар куруу, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуштук конструкциялары, материалдары жана буюмдары, инженердик системалар жана курулмалар жаатындагы инженердик-техникалык маселелер боюнча туруктуу иштөөчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. ТК ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана инновациялык идеяларды кеңири жайылтуу максатында, шаар куруу, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкциялары, материалдары жана буюмдары, инженердик системалар жана курулмалар, инженердик изилдөөлөр, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура, долбоорлоодо, курууда жана курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алууну уюштурууда илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер жаатындагы маселелерди чечүү үчүн түзүлөт жана иштейт. ТК курамы Мамкурулуштун буйругу менен түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
3. ТК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Мамкурулуштун токтомдорун, тескемелерин жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. ТК жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
2-глава. ТК негизги милдеттери
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан киргизилген курулуш жаатындагы чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган долбоордук документтерди кароо.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун алдындагы Улуттук долбоорлоо институттары, ошондой эле зарыл учурда долбоордук документтерди кароодо ишке тартылган көз карандысыз чет өлкөлүк адистер жана консультанттар тарабынан даярдалып каралган долбоордук документтер боюнча чечимдерди иштеп чыгуу.
7. Илим менен техниканын жаңы жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаны шаар куруу жана курулуш практикасына киргизүүгө көмөктөшүү, ошондой эле ири инвестициялык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтеринин экспертизасынын корутундуларын көз карандысыз кароо жана баалоо.
8. Курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүшү жана автордук, техникалык, мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлүн ишке ашыруу жана пайдаланууга берүү боюнча маселелерди кароо.
9. Шаар куруу жана курулуш, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди координациялоо жаатындагы ченемдик-техникалык базаны ченемдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.
3-глава. ТК функциялары
10. ТК негизги милдеттерине ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) ТКтин жыйналыштарында курулуш чөйрөсүндө чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде даярдалган объекттердин жана курулмалардын курулушун жана пайдаланууга берүүнү угууну жана талкуулоону.
2) Каралып жаткан маселелер боюнча эксперттик уюмдарды жана эксперттерди дайындоо жана алардан каралып жаткан маселе боюнча ТК чечимин кабыл алууда милдеттүү мүнөзгө ээ болгон корутундуларды же пикирлерди алууну.
3) Курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтерди өнөр жай-жарандык курулушка андан ары киргизүү маселелерин кароону.
4-глава. ТК ыйгарым укуктары
11. ТК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ТК жана секциялардын бардык мүчөлөрүнүн өз ара тең укуктуулук принциптеринде өз ишин жүзөгө ашырат.
12. ТК иш планын өз алдынча иштеп чыгат.
13. ТК менчиктин ар кандай формасындагы чарбакер субъектинин эксперттерин эркин тандоого жана тартуу укугуна ээ.
14. ТК курулуш жаатында чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоого байланышкан натыйжаларды же талаш маселелерди кароого укуктуу.
15. ТК ишин жүзөгө ашырууда өз демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген ар кандай чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
5-глава. ТК ишин уюштуруу
16. ТК төрага жетектейт.
17. ТК төрагасы ТК ишине байланыштуу бардык маселелерди өз алдынча чечет, ТК жыйындарынын протоколдоруна жана ТК башка расмий документтерине кол коет.
18. ТК төрагасы ишеним катсыз ТК атынан иш алып барат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин системасында бардык деңгээлде анын кызыкчылыгын коргойт.
19. ТК төрагасынын 1-орун басары болот.
20. ТК 7 мүчөдөн, анын ичинде төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан жана ТК мүчөлөрүнөн турат.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 83-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
21. ТК сунуштамалары, чечимдери жана сунуштары Кыргыз Республикасынын бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
6-глава. ТК ишин уюштуруу тартиби
22. ТК жыйындары зарылдыгына жараша жана маселелер менен милдеттердин келип түшүшүнө жараша өткөрүлөт.
23. ТК жыйындарынын ортосундагы мезгилде бардык ыкчам жана уюштуруу-техникалык иштер жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт.
24. ТК жыйыны ага ТК тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта укуктуу деп эсептелет.
25. Эгерде отурумга катышкан ТК мүчөлөрү бир добуштан чечим кабыл алса, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
26. ТК жыйындарында кабыл алынган чечимдер жана сунуштар маалымат жана конкреттүү практикалык чараларды көрүү үчүн тиешелүү уюмдарга жана ишканаларга жөнөтүлөт.
27. Жооптуу катчы төмөнкү иштерди жүзөгө ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын сунуштарынын негизинде курулуш жаатында чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоого байланыштуу курулуш долбоорлорун түзөт, ТК жыйындарында кароо үчүн маселелерди даярдоону уюштурат;
2) ТК документтерин жүргүзөт, анын ичинде ТК жыйындарынын протоколдорун жана чечимдерин тариздейт, анын жыйындарын өткөрүүнү уюштурат;
3) ТК мүчөлөрүнө жана башка кызыкдар жактарга жыйындарды өткөрүү убактысы жөнүндө маалымдайт, аларга кароого даярдалган материалдарды жиберет;
4) ТК чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
5) каттардын жана документтердин долбоорлорун даярдайт, ТК иши менен байланышкан ТК төрагасынын жана төраганын орун басарынын башка тапшырмаларын аткарат;
6) ТК секцияларында иш пландарынын аткарылышын жана иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн контролдойт.
28. ТК жыйынында талкуулоо үчүн даярдалган материалдар аткаруучу тарабынан ТК жооптуу катчысына ТК жыйынына чейин 15 күндөн кечиктирилбестен берилет.
29. ТК чечимдери протокол менен таризделет.
30. ТК ишин материалдык жактан камсыз кылуу (анын документтерин басып чыгаруу, көбөйтүү жана таратуу) Кыргыз Республикасынын министрлиги жана ведомствосу, ошондой эле курулуш долбоорлору курулуш чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк ченемдик документтердин негизинде долбоорлоо менен байланышкан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
7-глава. ТК жоюу жана кайра уюштуруу
31. ТК жоюу же кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен жүргүзүлөт.