Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын

 

2024-жылы 19-январы №20-6

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылында 2024-жыл ичинде аткарууга алынган жумуштар жөнүндө”

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылына 2024-жылга карата бекитилген бюджетинен айылдык кеңешке түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылына 2024-жылга бекитилген бюджетинен:

 

-“Т.Жоробаев” мектебинин эски имаратын оңдоо үчүн турткуу берүүчү грантка кошумча 163 042 (бир жүз алтымыш үч миң кырык эки миң) сом;

-ФАБнун имаратын жаңылоого өздүк салым үчүн-150 000 (жүз элүү миң) сом;

-айылдагы “Свенобаза” участкасындагы жаңы казылуучу скважинага трансформатор жана электр чубалгысы сатып алуу үчүн-550 000 (беш жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

 2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.

 

5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов