АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 14 ноябры № 24
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы
М. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин IV кварталына кошумча түшкөн кирешелер бөлүгү 1782,0 (бир миллион жети жүз сексен эки миң) сомго,чыгашалар бөлүгүнө 1782,0 (бир миллион жети жүз сексен эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.(Тиркеме 1 баракта тиркелет)
2. Бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн максаттуу пайдалануу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы
М. Анарбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Имаров |