Редакцияот 04.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Турпак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XV сессиясынын

 

2023-жылдын 4-декабры № 28

 

       Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине

толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы

М. Анарбаевдин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

 

1.            Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин IV  кварталынын чыгаша бөлүгүнө каралган

Аппарат бөлүмүнүн “2211” Кызматтык кыдырууларга чыгашалар” статьясынан 200,0 (эки жүз) миң сом акча каражаты кыскартылып,   “2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды материалдарды алуу” статьясына 200,0 (эки жүз) миң сом  акча каражаты кошулуп берилсин.

 ЖКХ  бөлүмүнүн “2222-учурдагы чарбалык максаттар үчүн  буюмдарды материалдарды алуу” статьясынан 700,0 (жети жүз миң) сом,   3112-машиналар жана жабдуулар” статьясынан 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом,   “3113-башка негизги фонддор” статьясынан 1500,0 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты кыскартылып ЖКХ бөлүмүнүн   “3111-имараттар жана курулуштар” статьясына 3400,0  (үч миллион төрт жүз миң) сом акча каражаты кошулуп берилсин.

  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

А.Имаров