АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2024-жылы 19-январы №20-14
“Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылына жаңы бала бакча ачуу жөнүндө”
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча Ак-Коргон айылында жаңы бала бакча ачуу максатында, Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги XX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айылынын көптөгөн үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын эске алып Ак-Коргон айылынын “Н.Козуев” көчөсүндөгү Касимова Шоирахон Батировнага таандык №30 турак үйүндө үч тайпалык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
2.Жаңы ачылган балдар бакчасы ”Күмүш” балдар бакчасы деп аталсын.
3.Райондук билим берүү бөлүмүнөн талапка ылайык юридикалык документтик бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы суралсын.
4.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
6.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Т.Хамракулов |