Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 30-ноябры № 2
Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын бирдиктүү салыктан түшүүчү кирешенин ордуна республикалык бюджеттин эсебинен жергиликтүү бюджетке компенсация катары которулуп берилген акча каражатын бөлүштүрүү жана жергиликтуу бюджетке кошумча түшкөн акча каражаттарын ажыратуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдиктүү салыктан түшүүчү кирешенин ордуна республикалык бюджеттин эсебинен жергиликтүү бюджетке компенсация катары которулуп берилген 4750300 сом акча каражаты төмөнкү иш-чараларды аткаруу учун бөлүнүп берилсин:
- Раззаков шаарынын Жаштык участкасында маршруттук каттам журуучу 420метр жолго асфальт төшөө үчүн 3112500сом;
- Чимген айылынын Р.Темирбаев көчөсүнө жашоочулардын 100,0 мин сом өлчөмүндөгү өздүк салымын эске алып 135метрине асфальт төшөө үчүн 500,0мин сом;
- Раззаков шаардык Кеңешинин жана шаар мэриясынын күнүмдүк жумушунда электр энергиясы менен узгултүксүз камсыз кылуу максатында кубаттуулугу 30квт болгон 3 фазалуу генератор алуу үчүн 650,0мин сом;
- Раззаков шаарынын Корук көчөсүнө бир даана көмөкчү чордон сатып алууга 300300сом;
- Раззаков шаарынын Туракул Ата көчөсүнө маршруттук каттам жүрүүчү 760метр жолго тунку жарыктарды орнотуу үчүн 170,0мин сом;
- Самат айылындагы 500метр аба чубалгыларын жаңылоо үчүн 17500сом.
2. “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу атайын унаа сатып алуу үчүн бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү бюджетке кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 4,5 млн сом, ушул жылдын аягына чейин бюджетке түшүүсү күтүлүп жаткан кошумча кирешелердин эсебинен Тоголок Молдо көчөсүндөгү балдар ойноочу аянтчаны толук бүткөрүү үчүн 150,0мин сом, Чимген айылынын Булак-Башы көчөсүнө 234метрге асфальт төшөө үчүн 2,0млн сом, Раззаков шаарынын Б.Юлдашев, Жалил Аксакал жана Лесная көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн 500,0мин сом жана Додосян көчөсүнө бир даана көмөкчү чордон орнотууга 300,0мин сом акча каражаттары ажыратылып берилсин. (Акча каражаттарынын суммасы болжолдуу көрсөтүлдү)
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Б. Айтемиров |