Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын

 

2024-жылы 15-февралы №21-1

 

“Ак-Коргон айыл аймагынын “Протиравка” участкасынан жер аянтын ижарага берүү жөнүндө”

 

Ак-Коргон айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгын негизинде, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, кошумча инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратуу жана айыл аймагында өнөр жай тармагын өркүндөтүү максатында Ак-Коргон айылынын тургуну жеке ишкер Д.Кошбаевдин арызын карап чыгып Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектен тышкары XXI- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ак-Коргон айыл аймагынын “Протиравка” участкасындагы №56 контурундагы 0,45 га жерди ижара шарты менен көп жылдык мөнөөткө пайдаланууга жана трансформациядан чыгарууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.

 

2.Жаңы курулуучу тооккананын курулушун архитектууралык талаптарга жана эрежелерине ылайыктап куруу, санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу жагы жеке ишкерге милдеттендирилсин

 

3.Жерге тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

4.Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

5.Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Джакишевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

 

Т.Хамракулов