РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 30-ноябры № 3
Раззаков шаарынын аймагындагы көчөлөргө ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жөнүндө
Раззаков шаардык Кеңешинин депутаттарынын шаардын жана шаарга караштуу айыл аймактарынын элдери менен жолугушуусунда айтылган коопсуздуктун алдын алуу максатында ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын Восточный көчөсүнө, Чимген айылындагы Р.Темирбаев жана Тагай Жакып көчөлөрүнөкоопсуздуктун алдын алуу үчүнылдамдык тепкичтери (Лежачий полицейский) орнотулсун.
2. Жогоруда аталган көчөлөрдүн кооптуу деп эсептелген жерлерин аныктап ылдамдык тепкичтерин (Лежачий полицейский) орнотуу жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын жана орнотуу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Б. Б. Айтемиров |