Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № XXI- 5
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктуу Найман айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 6-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, талкуулап Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктуу Найман айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин(тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика,дин иштери, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Найман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ш.Эрматов |