Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 18/3
“Гидроспектор” ЖЧКсына кичи ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-пунктуна ылайык “Гидроспектор” ЖЧКсынын кайрылуусун талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактары пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” жана 2023-жыл 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын энергиетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыктары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сурма-таш мамлекеттик жаратылыш көрүгүна кирген аймактан “Гидроспектор” ЖЧКсына Кичи ГЭС курууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен проекттик – долбоордук иш-кагаздары макулдашуу жагы “Гидроспектор” ЖЧКсына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Токторовго жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
6. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.
Төрага | Б.Юрсунов |