Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясы
2024-жылдын 13–майы №30/4
“Кулунду айыл Өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан жеткирилген бюджеттин долбоору жөнүндө Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы И. Алимбаевдин Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Кошмуратовдун билдирүүсүн угуп, Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдардагы долбоору жөнүндөгү “Кыргыз Республикасынын 2024-2026-жылдарга Республикалык бюджети жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 30-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору 44 142 700 сом, 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору 46 156 700 сом, 2027-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору 46 156 700 сом, болуп бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. Т. Ы. Абдибапов